КЫР ЧЕКЕ МОМОЛОЙДУН (Microtus gregalis Pall.) ИЧЕГИСИНИН МИКРОСКОПТУК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Авторы

  • Б. Бакирова Биология бөлүмү, табигый илимдер факультети Кыргыз-Түрк «Манас» университети
  • Н. Алдаяров Биология бөлүмү, табигый илимдер факультети Кыргыз-Түрк «Манас» университети

Ключевые слова:

Ичке жана жоон ичегилер, микроморфология, гистохимия, Microtus gregalis Pall.

Аннотация

Сүт эмүүчү жаныбарлар классынын ичинен эң көп сандуу өкүлдөрүнүн бири –
бул кемирүүчүлөр. Бул класстын өкүлдөрү бардык биоценоздорду байырлашат. Кыргыз популя-
циясындагы кыр чеке момолой (Microtus gregalis Pall.) республикабыздын бардык аймактарында
кеңири таралган. Башка жаныбарлар менен катар ал да жер үстүндөгү экосистемалардын булга-
нышынын биоиндикатору катары экологиялык изилдөөлөрдө колдонулуп келет. Анткени, алар-
дын, биздин республиканын аймагында экологиялык биомониторинг процессинин үзгүлтүксүздү-
гүн камсыз кыла тургандай жогорку жана туруктуу саны бар. Бирок, бизге маалым болгон илимий
булактарда, бул жаныбардын ички органдарынын микроскоптук түзүлүштөрү, алардын башка
кемирүүчүлөрдөн окшоштук жана айырмачылыктары багытында изилдөөлөр табылган жок. Эко-
логиялык же кайсы бир генездеги патологиялык таасирлерди так аныктап, аларга талдоо жүр-
гүзүү үчүн, сөзсүз түрдө бул жаныбардын ички органдарынын макро-, микротүзүлүштөрү боюнча
илимий аныкталган маалыматтардын болушу абзел. Андыктан кыр чеке момолойдун (Microtus
gregalis Pall.) ичегилеринин бардык бөлүктөрүнүн түзүлүштөрүнө микроскоптук талдоо жүргүзүү
пландалган.

Загрузки

Опубликован

2023-10-14