Обращение ОШГУ

Кыргыз Республикасынын президенти

Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке,

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акуновичке,

 

Кыргыз Республикасынын премьер министри

Жээнбеков Сооронбай Шариповичке,

 

Кыргыз Республикасынын Уианын президенти

Эркебаев Абдыганы Эркебаевичке

 

Ош мамлекеттик университетинин

табият таануу жана география факультетинин

окумуштуулар жамаатынын атынан

кайрылуу

Акыркы жылдары Кыргызстандын аймагындагы табигый экосистемаларга адам баласынын жашоо тиричилик аракетинин таасири (тоо кен казуу, ГЭС жана суу сактагычтардын курулушу, токойлорду кыйуу, жолдорду куруу, айыл-чарба жаныбарларынын кескин көбөйүшү ж.б.) күчөп жаткандыгы баарыбызга маалым. Натыйжада, Кыргызстандын табигый жаратылышы кескин жабыркап (мөңгүлөрдүн азайышы, биоартүрдүүлүктүн жабыркашы, топурактын, суулардын жана атмосферанын булганышы ж.б.) түрдүү экологиялык проблемалар жаралууда.

Аталган көйгөйлөрдүн келип чыгышын жана анын кесепеттерин илимий жактан изилдөө — учурдун талабы. Бул багытта өкмөттүк деңгээлдеги илимий негизделген зарыл чечимдерди кабыл алууда жана алдын-ала илимий маалыматтарды берүүдө 73 жылдык тарыхы бар Улуттук илимдер академиясынын биология жана топурак таануу институтунда үзүрлүү эмгектенип жаткан окумуштуу адистеринин орду чоң.

Андыктан, биздин жамаат учурдагы оор экологиялык кооптуу кырдаалды түшүнүү менен КР УИА нын биология жана топурак таануу институтун өз ордунда сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү зарыл экендигин баса белгилейт.

Сиздерди Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабайт деп терең ишенебиз жана туура чечим кабыл алат деп үмүттөнөбүз.

 

Сиздерди терең урматтоо менен, Ош мамлекеттик университетинин биолог-окумуштуулары.

 

Бул “каттар” порталынын жообу:

Урматтуу пайдалануучу!

Сиздин электрондук кайрылууңуз ийгиликтүү кабыл алынды. Порталдагы сиздин кайрылууңуздун номери: №: 6682, күнү 19-12-2016 ж.

Урматтоо менен,

kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet