SUPER.KG

SUPER.KG

Илимдер академиясынын илимий багыттары дал келбеген 3 институтту бириктирүү максаты илимпоздорду ойго салды

 

 

Жакында Кыргыз улуттук илимдер академиясында жүрүп жаткан реформа алкагында кызматкерлердин 40 пайызы кыскартылары айтылган. Буга нааразы болгон илимпоздор бүгүн, 28-ноябрда митингге чыгышты. Алар кадимкидей эле плакаттарга нааразычылыктарын жазып, академиянын имаратынын алдында 3 саат турушту. SUPER.KG порталы «академияны жоготуп алабыз» деп безеленген нааразы тараптын үнүн угуп кайтты.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев академияда 40 пайыз кызматкерлер кыскартылганын билдирген. Негизи, кыскартылгандардын басымдуу бөлүгү административдик кызмат ордуларынын ээлери болгон.

Муну ал академияны сактап калуу үчүн жасалып жаткан реформалар менен байланыштырган. Реформанын алкагында Биология жана топурак таануу институту, Тоо физиологиясы жана Технология институттары бириктирилет. Жыйынтыгында 3 институттун изилдеген чөлкөмү, тармагы башка болгонуна карабай бир институт катары иш алып бармакчы. Дал ушул маселе институттун кызматкерлерин түйшөлтүп турган чагы.

Кубанычбек Касиев, Биология жана топурак таануу институтунун Геоботаника жана өзгөчө коргоого алынган табигый аймактар лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин доктору:

— Илимдер академиясында 25 институт иш алып барат. Учурда анын айрымдарын бириктирип, 17ге кыскартуу аракети көрүлүп жатат. Биология жана топурак таануу институту — өлкөдөгү эң ири институт. Мында иштеген илимдин докторлорунун саны — 9. Маселенин баары биздин жетекчиликтин тармагы башка-башка болгон 3 институтту бириктирип жатканында болуп жатат. Азырынча бириккен соң институт кандай аталып калары тууралуу маалымат жок. 3 институттун тармактары ар башка. Мунун кесепети жаман болушу мүмкүн, себеби баланс жоголуп, ар бир бөлүм (азырынча институттар) жаңы түзүлүп жаткан институтту түрдүү тармактарга жетелеши мүмкүн. Бул көрүнүш илим үчүн табигый эмес, жасалма өзгөртүү болуп эсептелинет. Ошол себептүү Биология жана топурак таануу институтунун ишине тийишпөө керек. Чоң долбоорлорду, ири изилдөөлөрдү ишке ашырууну улантышыбыз керек.

Ал эми Биология жана топурак таануу институтунун Омурткасыздардын экологиясы жана систематикасы лабораториясынын башчысы, башкы илимий кызматкер Жамиля Карабекова буларга токтолду:

— Реформа жасалуусуна биз эч кандай каршылык көрсөткөн жокпуз. Бизди тынчсыздандырган маселе — илимий багыттары дал келбеген 3 институтту бириктирип жатканы, биз буга каршы болуп жатабыз. Чынын айтканда, биз пол жуугандардан аз көлөмдө айлык алабыз, бирок өзүм кызыккандыктан 1973-жылдан тарта ушул ишти аркалап келем. Биздин изилдөөлөр натыйжа берип жатат. Кызыл китепке кирген жандыктардын бир түрү жоголуп кетсе, мисалы, ал биздин турмушка терс таасирин тийгизет. Өкмөт ойлонууга тийиш эле бул маселе боюнча. Менин оюмча, эгер 3 институт кошулса, алардын статусу өзгөрөт. Бул чоң жоготууга гана алып келет.

Кыргыз Республикасы эркиндик алган жылдары өлкө аймагында Кыргыз улуттук илимдер академиясында 4 миңге чукул кызматкер иштеген. Учурда кызматкерлердин саны 1940ты түзөт.

19:29 28-11-2016

Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев

 

 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

 

 

 

 

kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet kubet